• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Си Цзиньпин Кыргызстан менен алаканы жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. "Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитимдин алкагында сиздер менен биргеликте эки өлкө ортосундагы алаканы жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын", - деп билдирди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон кеңири форматтагы жолугушуунун жүрүшүндө .

Кытайдын лидери билдиргендей, ал Кыргызстанга мындан 6 жыл мурда келген. "Бул аралыкта сиздердин өлкө жакшы жакка өзгөргөндүгү байкалып турат", - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Ал Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынганын баса белгиледи.

"Сиздин ийгиликтериңиз көрүнүп турат. Кең пейил коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары биз Кыргызстан үчүн кубанычтабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий