Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев билдирди.
Ал белгилегендей, Кытай лидери Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында келери пландалууда.
"Азырынча дипломаттык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кийинчерээк так белгилүү болот", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий