• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Сим-карта сатып алууда дароо каттоодон өткөрүү сунушталат – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Сим-карта сатып алууда дароо каттодон өткөрүү сунушталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Алиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги менен санариптик өнүктүрүү министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сим-карталарды бир жума ичинде эмес, сатып алуу учурунда каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барууда.

Алиевдин айтымында, телефон шылуундары сим-карталарды сатып алгандан кийин бир жуманын ичинде каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп, жаңы, катталбаган сим-карталар менен кылмыштар жасалууда.

Эске салсак, Кыргызстанда уюлдук операторлордун расмий сатуу пункттарынан сатып алынган сим-карталар гана сатып алуу учурунда катталат.

Пикир

Оставить комментарий