Сингапур Кыргызстандын билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшөт

Билим 0


Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Сингапур Кыргызстандын билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн КР Билим берүү министрлиги менен Сингапурдагы билим берүү чечимдеринин алдыңкы провайдери болгон Marshall Cavendish Education Pte Ltd` билим берүү мекемеси КР билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшүү максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Бул стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында Билим берүү министрлиги менен Маршалл Кавендиш билим берүү мекемеси төмөндөгү багыттар боюнча кызматташат:

  • жңы стандарттагы окуу китептерин басып чыгаруу;
  • PISA компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу студенттердин илимий жана математикалык сабаттуулугун жогорулатуу: Маршалл Кавендиш алдыңкы тренерлер үчүн тренингдерди, электрондук билим берүү ресурстарын, билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине жана алдыңкы машыктыруучуларга насаатчылык кылуу менен колдоо көрсөтүп, окуучулар үчүн Cerebry деп аталган Жасалма интеллект платформасын ишке ашырат.
  • Cerebry платформасын кыргыз жана орус тилдерине которуу: Билим берүү жана илим министрлиги Cerebry платформасын кыргыз жана орус тилдерине которуу демилгесин көтөрө алат, бул көбүрөөк окуучуларды камтууга жана окуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет;
  • тараптар меморандумга кол коюлгандан кийин биринчи жылдын ичинде ЭӨУ программасын ишке ашыруу үчүн кызматташуунун деталдуу шарттарын аныктаган акыркы келишимди түзүүгө аракет кылышат.

Пикир

Оставить комментарий