Соңку 10 айда “Түндүк электр” тарабынан 6 млрд сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 14.11.17 /Кабар/. “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 2017-жылдын он айынын ичинде 4,57млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 387 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 5,8 млрд. сомду түзүп, анын 6 млрд. сому (102,9 %) чогултулган.

Он айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,42 % түздү, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1,1 % аз.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 106,1 %,

өндүрүштүк объектилер – 100,6 %,

бюджеттик уюмдар – 99,9 %

айыл чарба объектилер –99,1 %,

жана башка керектөөчүлөр – 99,8 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу он ай боюнча төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 101,6 %

Чүй облусунда – 103,9 %

Талас облусунда – 106,8 %

Пикир

Оставить комментарий