• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сочиде кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда "Евразия – биздин үйүбүз" көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Сочи шаарында (Россия) кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда “Евразия – биздин үйүбүз” аттуу көргөзмө өтүүдө. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында уюштурулган.

КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, "Сириус” илим жана искусство паркында өтүп жаткан көргөзмө 7нен 9-июнга чейин уланат. Көргөзмөгө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден тышкары КМШ өлкөлөрүн жана ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөр чакырылган.

“Евразия – биздин үйүбүз” көргөзмөсүнө Кыргызстандын атынан ар кандай тармактардан 30 компания катышууда. «Куликовский торт» ЖЧКсы, «Экопродукт Азия» ЖЧКсы (Органикалык суусундуктар соода маркасы), «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы, «Интергласс» ЖЧКсы, «Салих» ЖЧКсы, ООО "Бигсер Спорт" сыяктуу Кыргызстандын аймагында жана ЕАЭБ аймагында белгилүү компаниялардын жана товардык белгилердин продукциялары көргөзмөгө коюлган.

"Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын колдоо, ата-мекендик продукцияны жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чарага көрсөтүү жана көргөзмөнүн алкагында ишкердик байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн колдоо максатында мамлекет катышууга каржылык колдоо көрсөтүп, логистика маселесине көмөктөштү. Ошол эле учурда Экономика жана коммерция министрлиги иштин бул тармагына активдүү катышты", - деп айтылат маалыматта.


Көргөзмө мейкиндигин толтуруу ыкмасы аталган иш-чаранын өзгөчөлүгү болуп саналат, ал көргөзмөгө катышкан тараптардын стенддерин өлкөлөр боюнча эмес, кластердик өнөр жай боюнча бөлүштүрүү менен аралаш жайгаштырууну камтыйт.

Бул көргөзмөдө көргөзмө аймактарынын тематикалары: өнөр жай кооперациясы, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана санариптик өнүгүү, каржы, туризм жана спорт, азык-түлүк коопсуздугу жана энергетика бар. Ошол эле учурда сунушталган долбоорлордун, чечимдердин, өндүрүштөрдүн жана технологиялардын интеграциялык компонентине басым жасалат.

Көргөзмөгө катышуучу өлкөлөрдүн премьер-министрлери келип, анын жүрүшүндө жогорку даражалуу коноктор таанышып, кесиптештерине өз өлкөлөрүнүн эң мыкты өнөр жай иштеп чыгуулары менен таанышышты. Кыргыз Республикасынын стенддери көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнүн зор кызыгуусун туудурду.

Ошентип, бул көргөзмө экспоненттер үчүн өнөр жайдын түрдүү тармактарында өздөрүнүн мыкты өнөр жай жана технологиялык иштеп чыгууларын көрсөтүү үчүн баалуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Эске салсак, ЕАЭБ мейкиндигинде алгачкы жолу мындай көргөзмө өткөн жылдын май айында Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий