• 87
  • 90.43
  • 0.88

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров дүйнөдөн кайтты

Аймак 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров 98 жашында дүйнө салды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Амантур Токтоназаров 1926-жылы Ак-Кочкор айылында туулган. 1944-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Согуш мезгилинде Литва ССРинин Каунас шаарын жана Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан. Согуш мезгилиндеги эрдиктери үчүн Кызыл Жылдыз ордени, «Берлинди алганы үчүн» жана «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Согуштан кийин туулуп-өскөн айылына кайтып келип, айыл чарба тармагында эмгектенген. Пенсияга чыкканга чейин «Үлгү» колхозунда, андан кийин мамлекеттик атайын чарбада айдоочу болуп иштеген. 2017-жылы Москва шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган салтанатка катышкан.

«Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аларга бул оор учурда сабырдуулук жана күч-кубат каалайбыз», - деп айтылат некрологдо.

Пикир

Оставить комментарий