Сокулук районунда 12 жаштагы Айсезим бир жумадан бери дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Айсезим Арзыматова изделүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, жашы жете элек Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен анын жакындары райондук милицияга кайрылышкан. Ал 21-ноябрда саат 13:00дө Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, көзү кара, чачы кара (каре), ак жүздүү.

Кийими: ак түстүү хиджаб кийген, курткасы көк, бутунда ак түстөгү кроссовка.

"Эгер анын жүргөн жерин билсеңиз төмөнкү номерлерге кабарлап коюңуздарды суранабыз: 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 (издөө тобу), 0558 86-14-86 (группа розыска)", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий