• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Сокулук районунда 18 жаштагы Анарбек Алишер уулу изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Сокулук районунда дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-августта Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран 2006-жылы туулган Анарбек Алишер уулу аттуу баласы 8-август күнү 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайрылып келбегенин билдирип, табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Алишер уулу Анарбектин өзгөчө белгилери: бою болжол менен 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы, көзү кара.

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, боз түстөгү шым, ачык сары түстө красовка жана кара түстөгү сумка.

"Урматтуу жарандар, Алишер уулу Анарбекти көргөн-билгендер болсо Сокулук РИИБине же 03134 5-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү), 0708-18-46-57, 0 (701) 80-18-03 же 102 телефон номерине билдирүүнү өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий