• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-февраль күнү Сокулук РИИБине 1975-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек кишиге жана аны менен чогуу жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

Анткени, 2021-жылдын ноябрь айында алар жабырлануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкесин үй салууга мүмкүн экендигине айтып, сатышкан.

Натыйжада арыз ээсине жалпы суммасы 450 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1970-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий