• 87
  • 90.43
  • 0.88

Сокулук районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, жайытка барчу жолду суу каптаган

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 24-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жаан өткөн жаандан кийин кокту-колоттордон сел агып, Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган.

Жерине абалды билүү жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган.

"Унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. 14-июлда Төш-Булак айыл аймагынынан 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштери 15-июлда улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий