• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сокулук районунда окуучуларга жарык чагылдыруучу каражаттар таратылууда

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Сокулук районунун Орок мектебинде мектеп окуучуларына жарык чагылдыруучу каражаттар таратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББ кызматкерлери “Hyundai” компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү менен биргеликте мектеп окуучуларына жолугуп, жарык берүүчү каражаттарды таратышты.

Бул жарык берүүчү каражаттар айдоочуларга түнкүсүн жүз метр аралыкта жаркырап даана көрүнүп, алдыда жаш балдар бар экендигин билгизип, жол унаа кырсыктарынын алдын алууда чоң жардам берет.

Андан тышкары, мектеп окуучуларына ЖКККББ тарабынан жолдо өзүн-өзү алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий