• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Сокулук районундагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев аталган мектептин курулуш иштерин текшерди.

Объекттин курулуш иштери 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникацияларын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, курулуш иштери жандынып уланууда.

"Буга чейин дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп, чатыры жабылган. Учурда имараттын ички курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө. Быйыл жыл аягына чейин мектептин курулуштун толук бүткөрүү пландалып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий