• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болууга эки талапкер Сталбек Мусаев жана Мирбек Сүйүналиев катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат болсо, алардын бардыгы шайлоого катышты. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 17-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколу боюнча, С. Мусаев 11 добуш алган. М. Сүйүнбаев болсо 9 добуш алып, бардык талапкерлерге каршы добушту бир депутат берген.

Ошентип, Сталбек Мусаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий