Сокулук, Жайыл райондорунда ысырапкорчулуктун, кылмыштын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Сокулук жана Жайыл райондорунда ысырапкорчулуктун, кылмыштардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБнин жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурушту. Иш-чарада КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы жашоочуларга жеткирилди. Сокулук районунда жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери учурунда 4 айылда жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу жана жума намаздарында 20дан ашуун алдын алуу багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү.

Ушундай эле иш-чара Жайыл районунда да жүргүзүлүп, анда Жайыл районунун ИИБи жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан президенттин жарлыгынын талаптары жашоочуларга жеткирилди. Ошондой эле Жайыл РИИБнин кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштарын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Коомдук жайларда жана транспорттордо уурулук кылмыштарына жол бербөө максатында соода-сатык жайларында, коомдук транспоттордун жана такси айдоочулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Анда ички иштер органдарынын телефон номерлери жазылган эскертме кагаздары таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий