• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сокулукта 18 жаштагы Мээрим изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кыз 2020-жылдын 2-декабрында Новопавловка айылынын Кудайберген көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою болжол менен 170 см, арык чырай, чачы кара жана көзү күрөң.

Кийими: ак түстөгү куртка, кара шым жана кара кышкы бут кийим.

"Кимде-ким Мээрим Маматованын кайда экендигин же аны издөөгө жардам бере турган маалыматтарга ээ болсо 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий