Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Сокулукта 3 гектар арпа жана курулуш материалдары өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, өрт Бишкек шаарынын Ак-Ордо 3 конушунда эмес, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында чыккан.
Өрт саат 22:04тө толук өчүрүлдү. Андан жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:37ден тарта жалпы эки күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 гектар арпа жана талаанын четинде жаткан 3 куб курулуш материалдары өрттөнгөн.
Пикир
Оставить комментарий