• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Сокулукта 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болду – окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Сокулук районунун Комсомол айылындагы 9-класстын окуучусунун каза болгондугу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, окуя 5-сентябрда сабактан тышкаркы убакта болгон. Бул күнү балдар сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен. 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала мектептен 2 чакырым аралыкта 9-класстын окуучуларын (болжолдуу 25-30 бала) чогулткан. Анда өз ара чечишип алган соң 20дай бала кетип калган.

"Б.С. аттуу бала калган балдарды тизип алып уруп жатканда 2009-жылы туулган Э.А. аттуу бала өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ошол жерден ага жасалма дем алдыруу жасап, бетине суу чачышкан, бирок ал өзүнө келбегендиктен "тез жардам" чакырышкан.

Аталган окуяга байланыштуу кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалып, Сокулук РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлиги 2023-жылдын 11-августундагы №179 "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий