• 87
  • 90.63
  • 0.79

Сокулукта тергөөчүгө пара берүүгө аракет кылган адвокат кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Сокулукта тергөөчүгө пара берүүгө аракет кылган адвокат кармалды.

ИИМден кабарлашкандай, 2-декабрда Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү аны кызматтык кылмыш жасоого көндүрүү аракети тууралуу билдирген.

Кылмыш ишине катышкандардын өкүлү бир нече жолу пара сунуштоо менен объективдүү тергөөнүн жүрүшүнө мыйзамсыз таасир этүүгө аракет кылган.

Белгилүү болгондой, К.Т. аттуу жактоочу айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирек айыпка кайра классификациялоо үчүн 2 миң доллар акчалай сыйлык сунуштаган. Тергөөчү мыйзамсыз аракеттер тууралуу жетекчиликке дароо кабарлаган.

Берилген маалыматтардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш ишин козгоду. Кошумча тергөө үчүн ишИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Алсак, 3-декабрда ИИМ кызматкерлери тарабынан К.Т. аттуу адвокат 215 миң сом пара берип жаткан учурда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий