Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Чүй облусундагы Сокулук районунун Сокулук айылында Чоң Чүй каналынан 55-60 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Пикир
Оставить комментарий