• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Сокулукта дары чөптүн түрлөрүн мыйзамсыз сактагандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Сокулук районунда "ясенец" жапайы дары-дармек өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн мыйзамсыз даярдоо жана сактоо боюнча кампалар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жапайы дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк чийки затын сатып алуу жана чогултуу менен алектенген жеке жактар ​​тарабынан мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактысынын негизинде, “ясенец” өсүмдүгүн (Dictamnus L) тиешелүү уруксат документтери жок ташуу жана чет мамлекеттерге сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Сокулук районундагы кампаларда ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жалпы салмагы болжол менен 4923 кг болгон ясенец өсүмдүгүнүн (Dictamnus L) тамырлары, ошондой эле өсүмдүк тамырларын кесүүчү жана кургатууга даярдоочу станоктор аныкталган. Мындан тышкары, жапайы өсүмдүктөрдү жыйноо жана сактоо менен алектенген кампа ижарачыларынын бул ишкердикке тийиштүү уруксаты жок болгондуктан, аймактын экологиясына да чоң зыян келтирилген.

Аталган ясенец өсүмдүгүнүн (Dictamnus L) 1 киллограмы базар баасында 1000 сомдон 1200 сомго чейин бааланат. Муну менен мамлекетке 24 млн 615 миң сом зыян келтирилген.

Аны менен катар КР министрлер кабинетинин “Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” 2024-жылдын 28-майындагы № 270 токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын аймагындагы төмөнкү өсүмдүктөрдүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), уу коргошун (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн жапайы өскөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилген.

Учурда аталган иш боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий