Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Сокулукта мефедрондун ири партиясын сатууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, милиция кызматкерлери синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири өлчөмдө таралышына бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүзүштү.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 20-22 жаштагы жаран узак убакыт бою Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу менен алектенгендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 4-январда Сокулук районунун аймагында 20 жаштагы Т.Т.Н. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда анын жанындагы кара түстөгү баштыктан баңгизаттар табылган.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар "Мефедрон" психотроптук заттар экени аныкталган.
Алынган психотроптук баңгизаттарды сатууда киреше 1 млн сомдон ашмак деп айтылууда.
Кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий