Сокулукта милиция окуучуларга зомбулукка каршы күрөшүү тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. 28-ноябрда Сокулук райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдама унаасы менен Новопавловка айылында кезектеги алдын алуу иш-чарасын жүргүздү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдын алуу иш-чарасына райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана Новопавловка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Сокулук райондук милициясынын жашы жете электер менен иштөө боюнча участкалык инспекторлору Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектеп гимназиясынын 7-8-класстарынын окуучуларына "Зомбулукка каршы күрөшүү" темасында лекция окуп, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий