• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сокулукта сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлегенге шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.02.22. /Кабар/. Сокулук районунда сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43-жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-февралынан 5-февралына караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору менен сойкулук менен алектенген 6 кыз да саунадан ИИБнө жеткирилген. Жогорудагы саунанын администратору 43-жаштагы С.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле маалыматта Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ушул сыяктуу жайларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий