Сокулукта өспүрүмдүн телефонун тартып алууга шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Сокулукта өспүрүмдүн телефонун тартып алууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-февралында Сокулук районунун ИИБне 1974-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз адамдар ошол эле күнү анын жашы жете элек уулуна карата күч колдонуп, ачык эле уюлдук телефонго ээ болуп, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинде каралган кылмыштардын белгилери (талап-тоноо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталган.

“Ууру” аталышындагы рейддик иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Т.Ы. жана 1997-жылы туулган Ж.Б. аттуу жарандар кармалган.

Учурда шектүүлөр Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий