• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулукта спорт залда окуучу кыз асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Сокулук районунда спорт залда 9-класстын окуучусу асынып алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-февралында Сокулук РИИБине 14 жаштагы Б.В. асынган денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Сокулук РИИБинин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгып, анын денесинде аркан изинен башка бөтөн издерди табышкан эмес.

Аталган факт КЖБР катталып, экспертиза дайындалды. Бардык жагдайлар такталып жатат. Азыр тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий