• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сокулукта сууга аккан кызды издөө иштери 5 күндөн бери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Беш күндөн бери Сокулук суусуна агып кеткен кыз изделүүдө.

ӨКМ басма сөз кызматы кабарлагандай, 19-июлда Сокулук районундагы Төш-Булак айылындагы Сокулук суусуна 10 жашар кыз агып кеткен. Куткаруучулардын издөө иштери азырынча жыйынтык бере элек.

“Кызды издөө иштерине ӨКМдин жергиликтүү бөлүмүнөн 8 куткаруучу тартылган. Алар бүгүн суунун агымы менен суунун жээктеринде издөө иштерин улантышат”,-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, Суусамырда 14 жашар кыздын сууга акканы кабарланып, куткаруучулар анын денесин издеп башташкан. Анткен менен азырынча жыйынтык боло элек.

Пикир

Оставить комментарий