Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ьилдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 13:20дан тарта эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 15:35те толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.
Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Пикир
Оставить комментарий