Сокулукта убактылуу кармоочу жайда отурган шектүү асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 03.04.24./Кабар/. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

"Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттери баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий