• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Сокулуктагы Айтматов атындагы №1 окуу-лицейинин кошумча корпусу быйыл бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-лицейинин комушча корпусунун курулушу быйыл бүткөрүлөт.

Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев бүгүн имараттын курулуш иштеринен кабар алды.

Учурда окуу корпусунун биринчи блогунун чатырын жабуу, экинчи блоктун үчүнчү кабытынын дубалын тургузуу иштери жүрүүдө. Кошумча окуу корпустун аянты 2655 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2019-жылы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий