• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Сокулуктагы "Аю" ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Сокулук районундагы "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мурда "Аю" холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган, жалпы аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы 267 млн 639 миң болгон "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Белгиленгендей, комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.

"Аю" холдингдин уюштуруучулары жүргүзгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий