• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сокулуктагы "Аполлон" мейманканасында сойкукана аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Сокулук районунун ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 2024-жылдын 18-февралында Сокулук районунда жайгашкан "Аполлон" мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 15.06.1983-ж.т. К.Д.Э. жана 14.09.1987-ж.т. Г.В.С. кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8 миң сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7 200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды. Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган С.А.Д. аттуу администратору кармалды.

КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий