• 87
  • 90.63
  • 0.79

Сокулуктагы мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына белектер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Юстиция министрлиги Сокулуктагы мектеп-интернаттын тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттуктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сапардын алкагында тарбиялануучуларга жаңы жылдык белектер тапшырылып, педагогдорго жана тарбиячыларга балдардын өнүгүүсүнө жана колдоосуна кошкон маанилүү салымы үчүн терең ыраазычылык билдирилди.

Юстиция министринин орун басары И.Сыдыгалиев педагогдордун жана тарбиячылардын өз ишине берилгендигин белгилеп, аларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Алардын күнүмдүк иши балдарга жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө, өсүп-өнүгүүгө жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого жардам берерин баса белгиледи.

Көрсөтүлгөн жардамдардын ичинде:

- 10 комплект мектеп партасы;

- Жаза аткаруу жана Соттук-эксперттик кызматтар тарабынан берилген 247 жаңы жылдык белек;

- Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан берилген 170 белек.

Пикир

Оставить комментарий