Сокулуктагы Новопавловка мектебинин кошумча корпусу быйыл пайдаланууга берилет

Билим 0


Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Сокулук районунун Новопавловка мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштери 90%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган корпус 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курула баштаган.

"Бүгүнкү күндө мектептин ичин жууп тазалоо, эмерек жана жабдууларды иретке келтирүү, мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий