• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков Индияга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурация аземине катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

31-майда мамлекет башчысы эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий