• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Исламабадда Экономикалык кызматташуу уюмунун 13-Саммитине катышат

Саясат 0


Бишкек, 1-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 28-февралда Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына Экономикалык кызматташуу уюмунун 13-Саммитине катышуу үчүн келди (ЭКУ). Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду Исламабад шаарынын аэропортунан Пакистандын Федералдык министри Риаз Хуссаин Пирзада, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Бейшембиев тосуп алды.

ЭКУ жыйынына катышуу үчүн келген өлкөлөрдүн желектери көтөрүлүп, ардактуу кароолдун коштоосунда Кыргызстан менен Пакистандын гимни жаңырды.

Экономикалык кызматташуу уюмунун 13-Саммити 2017-жылдын 1-мартында Исламабад шаарында өтөт. Катышуучулар приоритеттүү тармактар боюнча кеңейтилген аймактык кызматташуу жана бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Исламабад декларациясын кабыл алышат.

Маалымдама: ЭКУ 1985-жылы түзүлүп, регионалдык кызматташуу жана өнүгүү уюмун улантуучу болуп саналат. Кыргызстан уюмга 1992-жылы мүчө болгон.

ЭКУ 1977-жылы март айында үч негиздөөчү мамлекет: Түркия Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Иран Ислам Республикасы тарабынан кол коюлган Измир келишиминин-Уставынын негизинде иш алып барат.

ЭКУ алкагында кызматташуу ага мүчө-мамлекеттер ортосунда суверендүү тең укуктуулукту, бирдиктүү достук мамилени жана өнөктөштүктү камсыз кылат. ЭКУ негизги милдеттери болуп экономикалык өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, илимий-техникалык, социалдык-маданий жана экономикалык кызматташтыктык алкагында мамилени бекемдөө, чарбалык мамилелерди чыңдоодо дүйнөлүк системаны жакшыртууда ырааттуу интеграцияны камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий