• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

Сооронбай Жээнбеков: Качан гана эл бийликке ишенип, бийлик элге таянганда - мамлекет оңолот

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Качан гана эл бийликке ишенип, бийлик элге таянганда, мамлекет оңолот, деп айтты Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Араван районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, президенттик кызматка киришкенде аткаруу бийлигине жана мамлекеттик кызматка талап катуу болот. «Коррупциянын тамырын кыркпасак, мамлекеттин келечеги күмөн. Ушул үчүн элибиз эки жолу революция жасады. Мамлекетибизди жоготуп ала жаздадык. Качан эл бийликке ишенип, бийликке таянганда, мамлекет оңолот. Сөз эмес, иш жүзүндө элге, мамлекетке таза, ачык-айкын, калыс кызмат кылабаштаганда – мамлекеттик бийликке элдин ишеничи артат. Мамлекеттик бийлик элдин ишеничине кирип, элге таянганда, мамлекет оңолот. Эл бийликке таянганда, мамлекетте дүркүрөгөн өнүгүү болот. Биз ушуну камсыз кылабыз, таза, коррупциясы жок бийликти орнотобуз», - деп белгиледи талапкер Жээнбеков.

Ал белгилегендей, эң негизгиси мамлекетте ынтымак, биримдик сакталып турушу керек. «Туруктуулукка жетиштик, улуттар аралык ынтымакка жетиштик. Дагы деле сырттагы жана ичтеги күчтөр бар, Кыргызстанды ар кандай жол менен мамлекеттин бийлигин, элдин байлыгын мурункудай болуп башкаралы, колдонолу дегендер. Биз буга жол бербейбиз, булл сыяктуу иштердин баарын алдын алып, жок кочыгарабыз. Элдердин ортосундагы ынтымакты сактаганга бардык күч-аракетти жумшайбыз. Арабыздагы чагымчылдарга чара көрөбүз, алар менен катуу күрөшөбүз», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал шайлоочуларга акыркы жылдардагы жетишкендиктерди улантуу жана бекемдөөгө, өлкөнүн бардык тармактарындагы көрсөткүчтөрдү өстүрүүгө багытталган программасы тууралуу айтып берди.

Аравандыктар Сооронбай Жээнбековдун «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын жана Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин бир добуштан колдошту!

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий