Сооронбай Жээнбеков “Саякбай” тасмасын көрдү

Маданият 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “Саякбай” тасмасын жабык көрсөтүүгө барды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тасманын сценарийинин автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы тасманы Бишкектеги “Манас” кинотеатрында көргөн.

“Тасманын бет ачары 2017-жылдын 7-сентябрында болгон. Учурда ал прокатта. Негизи ал 2017-жылдын мартында эле даяр болгон, бирок бет ачары бир нече жолу жылдырылган”, - деди ал.

Абдыжапаров “Саякбай” тасмасы тууралуу Жээнбековго анын Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө 3-майда Бөкөнбаев айылынын жашоочулары менен жолугушуусу учурунда маалымдаганын айтты.

Мындан тышкары Абдыжапаров Сооронбай Жээнбековго КРнын 80% тасмалары Тоң районунда тартылгандыктан бул жерде “Маданият коругун” түзүүнү сунуштаганын белгиледи.

Белгилей кетсек, тасманы тартууга каражатты “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Самат Ибраев бөлгөн. Ал тасманын башкы продюсери болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий