Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. «Сот системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири — судьялыкка талапкерлерди тандоонун сапатын арттыруу менен судьяларга карата ишенимди жогорулатуу. Бул маселеге Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө көңүл бурат. Талапкерлердин кесипкөйлүгүнө талап жогорулоодо», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев, Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары ж өнүндө айтып жатып.
Санжар Исабаевдин айтымында, жыл бою КР Судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан Президенттин наамына КР Жогорку сотунун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясы кызматына дайындоо үчүн 89 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Маектешүүнүн жана берилген кошумча материалдарды карап чыгуунун натыйжасында Президент 51 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына дайындоого макулдук берди.
«2010-жылы башталган өлкөдөгү соттук-укуктук реформа улантылууда», — деп белгилеп Санжар Исабаев, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кодекстер жана жазык-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдар кабыл алынган. Азыр аларды имплентациялоо үчүн Мамлекет башчысы жана Өкмөт тарабынан зарыл чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Бөлүм башчысы Президенттин тапшырмасы боюнча кодекстерди жана мыйзамдарды тез арада имплентациялоо үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Мисалы, быйыл май айында Президенттин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин жыйыны болуп, анын жыйынтыгында соттук-укуктук реформаны мониторингдөө боюнча эксперттик жумуш тобу түзүлдү.
Мамлекет башчысынын демилгеси менен түзүлгөн мониторинг боюнча эксперттик жумушчу топ (ЭЖТ) реформаны аналитикалык жана эксперттик колдоону, бардык маморгандардын жаңы режимде иштөөгө ырааттуу жана макулдашылган тартипте өтүшүн камсыз кылат.
Эксперттик топтун курамына мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана кодекстерди иштеп чыгуучулардын өкүлдөрү кирди.
Мисалы, ЭЖТ өз ишинин башында (май 2018-жыл) мамлекеттик органдар, КР Жогорку Кеңеши, КР Өкмөтү, КР Башкы прокуратурасы, КР Жогорку соту жана соттук-укуктук реформаны ишке ашырууга катышы бар башка уюмдар менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Бул жумушчу тобу аткаруу бийлиги тарабынан жаңы кодексин жана мыйзамдарды киргизүү практикасын талдайт жана аларды имплементациялоону түшүнбөстүккө жол берген мамлекеттик органдарга сунуштарды берет.
Санжар Исабаев жаңы кодекстерге жана мыйзамдарга кенен токтолду. «Бардык жаңы кодекстер жана мыйзамдар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, жазык-укуктук чөйрөнү гумандаштырууга багытталган», — деп белгилеп, ал жаңы мыйзамдарда адам укуктары стандарттары кыйла көтөрүлүп, аны декриминализациялоо жана депенализациялоо жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.
Бул мыйзамдардын ишке кириши менен жарандарда өз укуктарын коргоо боюнча укуктук пайдубал, соттордун, прокурорлордун жана милициянын өзүм билемдигине, «телефон укугуна» бөгөт пайда болот.
Кодекстерди жана мыйзамдарды толук ишке киргизүү адамдарды кыйноолорго, түрмөлөрдөгү аша чапкандыктарга таасир этет.
«Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрин киргизүү укук коргоо органдарына келип түшкөн кандай гана маалыматты болбосун, так каттоого алууга өбөлгө болот. Андан тышкары, арызданган ар бир жаран анын ишин кароо кандай стадияда экенин, анын ишин кароодо бардык процессуалдык кепилдиктер сакталдыбы, жокпу, ушунун баарын өзү көзөмөлдөй алат», — деп белгиледи ал.
Контролдоону жана сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу үчүн тергөө судьясы деген жаңы форма киргизилет. Ал адамдын кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн көзөмөлдөйт.
«Көптөгөн иштер соттордо көп жылдар бою каралып келгени белгилүү. Ушуга байланыштуу жаңы Кодекстерде ишти кароонун мөөнөттөрүн чектөө жана кыскартуу каралган. Бузуулардын өзүнчө Реестри киргизилет», — деп белгиледи Санжар Исабаев.
«Пробация жөнүндө» мыйзам жөнүндө айтсак, анда далилдөө системасы өзгөрөт. Анчалык оор эмес кылмыш кылгандарды эркинен ажыратпастан, аларды социалдык ыкмалар менен адаптациялоого мүмкүнчүлүк берилет.
Президенттик Аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы КР судьялар Кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишин белгиледи. Азыркыга чейин Комиссия тарабынан 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду, 8 судьяга сөгүш жарыяланды, 15 судьяга эскертүү, 50 судьяга алдын ала эскертүү берилди, 2 судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилди.
Стратегия-2040та 2023-жылга чейинки приоритеттер камтылган. Сот системасын өнүктүрүү алардын бири болуп саналат.
«Алар соттук-укуктук системасынын процесстерин автоматташтыруу, электрондук сот өндүрүшүн санариптештирүү, бардык сот процесстерин, тергөө иш-чаралары мезгилинде шектүүлөрдү суракка алууну аудиовидеофиксациялоо менен байланышкан. Сот өндүрүшүн автоматизациялоо бардык мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүдө», — деп белгилеп, ал сот өндүрүшүндө маалыматтык технологияны колдонуу жарандардын укуктарын коргоого өбөлгө болоорун баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий