Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарына болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы кайгылуу Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондорду эскерди.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Июнь окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Президент каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен баарлашты. Кайгылуу июнь күндөрү мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин эскертип турарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздай турган жана электробустарды чыгара турган «Кыргыз Унаа Курулуш» автокуруу заводуна барды.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну же 10 калктуу конуш таза сууга жеткиликтүү боло турган таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында артыкчылыкка ээ экенин дагы бир ирет баса белгиледи.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана бекемдөө боюнча долбоор менен таанышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов зарыл болгон иштерди 2020-жыл ичинде баштоо пландалып жатканын маалымдады.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 325 млн сомду түзөт. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каралаары болжолдонууда. Жалпы аянты 5,5 км² жерге тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана «Бирдиктүү эл», «Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери», «Шейиттер биримдиги», «Ош окуясынын дайынсыздары», «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от», ошондой эле «Интербилим» коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий