• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Сосновка" постунан баңгизат ташып бара жаткан аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Чүй облусундагы “Сосновка” постунан баңгизат ташып бара жаткан аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын кызматтык-издөөчү иттеринин жардамы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ( 3-бөлүгүндө "Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам маалыматтарга ылайык Чүй облусунун Чүй районундагы “Сосновка” постунан "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаада баңгизаттарды ташып бара жаткан жүргүнчү токтотулган.

Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң түстөгү зат табылып алынып, жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат 1 кг 5 грамм салмактагы "гашиш" баңги каражаты экени аныкталган.

Кармалган жаран 1974-жылы туулган К.К. аттуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну болгондугу аныкталган. Азыркы учурда аталган жаран тергөө изоляторуна киргизилип, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий