• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

"Сосновка" постунда гашиш баңгизатын алып келе жаткандар кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. "Сосновка" постунда Бишкек шаарында сатуу үчүн гашиш баңгизатын алып келе жаткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан "Сосновка" постунда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө "Део Нексия" маркасындагы автоунаа токтотулган. Унаада атайын катылган жеринен 475 грамм болгон "гашиш" баңгизаты табылып алынган.

Тергөө амалдарын жүргүзүүдө унаанын айдоочусу М.И. Токтогул районунун аймагында өзүнүн шериктери Т. У. жана С. К. аттуу жарандар менен биргеликте алынган баңгизатын даярдап, аны Бишкек шаарынын аймагына сатууну көздөп алып келе жатканын билдиришкен.

Кармалган Жайыл райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери учурда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий