• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди

Коом 0


Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Сосновка постунда саат 19:10дон тарта кайрадан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта Төө-Ашууда катуу бороон болууда.

Транспорт министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат.

Ошондой эле аба ырайын эске алуу менен ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий