• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөө алынды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.23./Кабар/. Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторундагы чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180 миң куб метр кар көчкү түшүп, анын ичинен унаа жолго 14 миң 400 куб метр кар көчкү түшүп, саат 19:50дө толук тазаланып, ачылды.

"Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постунда саат 20:00дөн тартып жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды", – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий