Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Сосновка айылында Mercedes-Benz Atego жүк ташуучу унаасы жолго чуркап чыккан 5 жашар баланы өлтүрө сүздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык 22-апрелде саат 18:26да болгон, унаанын айдоочусу 1968-жылы туулган Г.Б. болгон. Айдоочу Бишкек-Ош унаа жолунда түштүк тарапты көздөй бара жатканда жолдун 80-чакырымында жөө адамдар өтүүчү тилкеден 50 метр алыстыкта жаш бала жолго чыга калган.
натыйжада 2018-жылы туулган Х.Н. окуя болгон жерде каза болгон.
Териштирүү иштери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий