• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Сот Салык кызматынын төрагасынын жана анын орун басарынын баш коргоо чарасын карады

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Сот Абдувапов жана Кыдыргычовго карата 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин алкагында алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий