Сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн үч күндүк окутуу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда Бишкекте сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн үч күндүк окутуу башталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Окутуунун ачылышына Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, IDLO эл аралык Өнүктүрүү укугу уюмунун юстиция секторунун потенциалын жогорулатуу боюнча кеңешчиси Дилбар Максимбекова катышты.

Өз сөзүндө Нургүл Бакирова жергиликтүү соттордогу басма сөз катчыларды окутуу бүгүнкү күндүн талабы болуп жаткандыгын белгиледи. Анткени, соттордогу иштерди коомчулукка туура жеткирүүдө басма сөз катчылардын ролу чоң.

Басма сөз катчылар соттук чечимдерди гана чагылдырып чектелбестен, жарандардын укуктук маданиятын да көтөрүүгө жардам бериш керек экендигин белгиледи.

Окутуунун максаты жергиликтүү соттордун басма сөз катчыларынын потенциалын көтөрүү жана сот тутумунун ишмердүүлүгүн коомчулукка өз маалында жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуунун жолдорун бекемдөө болуп саналат.

Үч күн катары менен медиа эксперттер Марс Тулегенов жана Марат Токоев мультимедиалык материалдарды даярдоого колдонулуучу мультимедиалык форматтар жана онлайн аспаптар, видеого тартуу жана аны топтоонун негиздери, онлайн жана офлайн кампанияларды иштеп чыгуу жана өткөрүү менен коомчулукту кабардар кылуу, ЖМК менен байланыш түзүү жолдорун үйрөтүшөт.

Белгилей кетүүчү жагдай аталган окутууга Жогорку соттун басма сөз кызматы, аймактардагы жергиликтүү соттордун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Сот департаментинин жана Конституциялык палатанын басма сөз катчылары катышышат.

Басма сөз катчылар үчүн уюштурулган тренинг Жогорку соттун басма сөз кызматы тарабынан IDLO уюмунун колдоосу менен өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий