• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сот залындагы терезеден качып чыккан Ош облусунун прокурору кызматтан бошотулду

Коом 0


Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Сот залындагы терезеден качып чыккан Ош облусунун прокурору кызматтан бошотулду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан бошотулгандыгы айтылат. Тийиштүү буйрука Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан кол коюлду.

Ал эми Ош облустук прокуратурасынын жетекчилигинин үстүнөн жогорудагы жагдай боюнча кызматтык иликтөө иштери улантылууда.

Эске сала кетсек, 12-декабрда социалдык тармактарда видео тараган, анда Ошто прокурор мас абалында сот залындагы терезени сындырып, качып чыккандыгын көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий