• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Соцфонд 2021-жылдын тогуз айында 50 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди

Экономика 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрь айларында Социалдык фонд тарабынан 50 миң 725 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны менен катар 2021-жылы август айында 4 миң 235 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 699 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.

Пикир

Оставить комментарий