• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Соцфонд: 208 миңден ашык жаран 4,3 млрд сомдук пенсиялык топтоосун пайдаланды

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Пенсиялык топтоо каражатын жалпы 208 232 адам алып, төлөнгөн топтоо каражатынын суммасы 4 млрд 369,2 млн сомду түздү.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, анын ичинде:

Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 208 232 адам (4 369,2 млн. сом суммасында), анын ичинде:

- Пенсия курагына жеткен жарандарга – 185 055 адам (2 410,8 млн. сом);

- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге – 4070 адам (207,9 млн. сом);

- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна – 10 878 адам (292,9 млн. сом);

- Аскер кызматчыларына – 914 адам (9,1 млн.сом);

- Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 368 адам (77,6 млн.сом);

- Ипотекалык кредит алгандарга – 5 947 адам (1236,1 млн.сом);

- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) – 119 адам (19,6 млн. сом);

- Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 144 адам (27,0 млн. сом);

- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга – 242 адам (4,3 млн.сом.);

- Оор оорулары бар адамдарга – 495 адам (83,9 млн. сом).

Топтомо пенсияны алуунун жолдору:

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:

  • Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:

  • Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

3. Мураскорлор:

  • Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

4. Аскер кызматкерлерине төлөө:

  • Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

5. Ипотекалык насыялоо:

  • Ипотекалык насыя алып жаткан же алган адамдар, алардын жубайлары жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр, пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздук:

  • Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

7. Оор ооруларды дарылоо:

Пикир

Оставить комментарий